Menu

Атамбаев Жалал-Абаддагы Барпы театрына автоунаа тартуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракесине карата  18 орундуу немец өндүрүшүнөн чыгарылган Mersedes-Benz Sprinter автоунаасын тартуулады. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Барпы театрынын чейрек кылымдык мааркесине тартууланган Президенттин белегин облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын директору Санжар Бердибеков Бишкектен алып келди.

Барпы атындагы облустук драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты чейрек кылым аралыгында 200гө жакын театралдык чыгармаларды ийгиликтүү сахналаштырып, ондогон республикалык жана Эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон. 2016-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндарында театрдын эмгек жамааты тарабынан коюлган “Курманбек” драмасы баш байгени – Гран-при сыйлыгын жеңип алган.

Быйылкы 25-чи театралдык жаңы сезонун театрдын чыгармачыл эмгек жамааты көрүүчүлөргө грузин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” комедиясынын премьерасы менен баштап беришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: