Menu

Бала бакча, мектептерди курууну пландоо максатка ылайык жүрбөй жатат – Жогорку Кеңеш

Бөлүшүү:

Мындай маселе бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеӊеште өткөн өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшүнө арналган өкмөттүк саатта белгиленди. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Суроо-жооптун жүрүшүндө жер-жерлердеги мектеп, бала бакчалардын курулушу каражат толук бөлүнбөй, бүтпөй жаткандыгы боюнча бир топ сын-пикирлер айтылды. “Курулушун баштап, бирок каржыга шылтоолоп таштап койгон мектептер абдан көп. Курулуштар дагы бир нече жылга созулса, буга чейинки кеткен мээнет, жумшалган каражат текке кетет. Бул шалаакылык.”,- дейт депутат Улукбек Ормонов.

Республика аймагында жалпысы 2236 мектеп болсо анын 446сы 1 смен менен, 1631и 2 смен менен, 159у 3 смен менен окуйт. Депутат Айтмамат Назаров мындай сандык маалыматтарды тактап, жогорудагыдай 3 смен менен окуга мектептер дагы аз эмес болуп жатса, айрым жерлерде мектеп салынып, балдар жоктугун, саны аздыгын билдирди. Депутат Наталья Никитенко бала бакча, мектептерди курууну пландоо маселесинде кемчиликтер бар экенин, аймактардагы чыныгы муктаждыктар эске алынбай эле таасири күчтүү жактардын айткан обьектилери курулуп жатканын сынга алды.

25 жылдан бери курулушу толук кандуу бүтпөй келе жаткан Чүй облусунун Жайыл райоунун Букара айылындагы мектептин маселсин бул ирет Бактыбек Райымкулов айтып чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: