Menu

Фото – Аксыда аткезчилик жол менен ташылып бараткан спирттик ичимдиктер кармалды

Бөлүшүү:

Аксыда контрабандалык жол менен ташылып бараткан спирттик ичимдиктер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 28-февраль күнү Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын опер кызматкери тарабынан маалымат алынып, андагы маалыматта белгисиз жаран контрабандалык жол менен коңшу Өзбекстан мамлекетине жүк өткөрүү максатында чек арага жакын аймакта тургандыгы билдирилген.

Аталган маалыматтын негизинде 28-февраль күнү Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында Аксы районунун тургуну 1990-ж.т. Б.А. кармалып, ак түстөгү “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаасындагы бир нече коробкалар далил буюм катары алынган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 223-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Б.А.нын автоунаасы Аксы РИИБнин короосуна киргизилип, төмөнкү буюмдар алынган:

– Бишкек коньягы – 0.5 л. 7 даана
– С серебром арагы – 1 л. 9 даана
– С серебром арагы – 0.5 л. 46 даана
– Градусник арагы – 0.5 л. 49 даана
– 113 коробка конфет
– 1150 даана ДБК үлгүсүндөгү оюн карталары.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: