Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бишкек шаарынын коменданты милициянын генерал-майору Курсан Асанов Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу Чуй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда учурдагы абалга жараша жер-жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаж өткөрдү.
Курсан Асанов кызматкерлерди мыйзам чегинде өзүдөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга чакырып, укук бузууларды алдын алып, жергиликтүү тургундар жана элдик кошуундар менен биргеликте тартип тузууларга жол бербөө керектигин эскетти.
Учурда Чүй облусунун ИИОнун өздүк курамы коомдук коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте кызмат
өтөөдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ