Алмазбек Атамбаев Ирандын батыш провинцияларындагы жер титирөөнүн кесепетинен көп адамдар каза таап, олуттуу талкалоолор болгондугуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ