Menu

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Зилалиев чыкынчылык иш жасап жатат!”

Бөлүшүү:

– Эркингүл эже, парламент менен өкмөт “Кумтөр” кенинин жанында жайгашкан мөнгүлөрдү жок кылууну мыйзамдаштырып берүүгө аракет жасап, Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө ашыгып жатабы?

– Ооба. Ошондой десек да болот. Биздин өкмөт сөрөйлөр өзүбүздүн байлыгыбызды мыкаачылык менен курутканга уруксат берип жатканы өкүндүрөт. Ошондуктан, арзыбаган шылтоону айтып, элине, мамлекетине чыккынчылык кылган өкмөттү жоопко тартыш керек! Бул маселени көтөргөндөр соттолушу керек!

– Көп жылдан бери “Кумтөрдүн” айланасындагы маселелерди көтөрүп жүрөсүз. Айрымдар: “Давыдов” менен “Лысый” мөнгүлөрүнүн алдында алтын бар. Ошону алыш үчүн өкмөт канадалыктардын шартына көнүп, мөнгүлөргө кол салган мыйзамды жазууга аргасыз болду”- деп жатышат го? Ишенсек болобу?

– Мендеги маалымат боюнча “Давыдов” менен “Лысый” мөңгүсүнүн астында алтын жок. Эгерде бар болсо, Давыдовдун үстүнө отвал төгүшмөк эмес. Бул калп! Бети жоктук! Ачык айтканда, музду ошол суммага баалап, талкаланган мөңгүнүн зыянын толтурмак тургай, жанындагы кылым карыткан эки мөңгүнү талкалоого багыт алышты. Мен билгени Сары-Тор менен Борду мөңгүсүнүн алдында алтын бар. Ошол мөңгүнү талкалап, ошол жакка багыт алышканы жатат.

– Мөңгүнү талкалоого каршы болгонубуз менен Дүйшөнбек Зилалиев: “Суу кодекси ошол мөнгүлөрдү сактап калуу үчүн өзгөртүүгө муктаж болуп жатат”- деп ишендирип жатат го?

– Зилалиев чыкынчылык иш жасап жатат! Өздөрү мөңгүнү талкалоого уруксат берип жатышса кантип музду сактап калсын?!

– Бул маселенин көтөрүлүшүнө биздин кайдыгер жетекчилер күнөөлүүбү же канадалыктардын жоопкерчилиги жогу себеп болуп жатабы?

– Биринчи ирет биздин акылсыз, алданган чиновниктер күнөөлүү. Экинчиден, ошол мыйзамды өзгөртүп берип жаткан депутаттар күнөөлүү. Канадалык кампания илгертеден бери эле афералык кампания. Аларга алтын болсо болду. Биздин мөңгүлөрүбүздү урганы жок. Биз кырылып калсак да аларга баары бир.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: