Жаңырган жылдын 1-июлунан тартып жашы жете элек балдар дагы чек арадан паспорт менен гана өткөрүлөт. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемеси мындан ары пайдаланууга жараксыз. Ошентип, Мамлекеттик чек ара өткөрүү бекеттеринде ар кандай чыр-чатактуу жагдайларды четтетүү максатында 2019-жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз темир жолунун жана Аба майданынын бекеттеринен эл аралык каттамдарга чыгуу үчүн жашы жете элек балдарга өз маалында жалпы жарандык паспорт алуу жагын Кыргыз Өкмөтү атуулдарга катуу эскертет.
Анткени, буга дейре аба жана темир жол бекеттери аркылуу жашы жете элек балдарды чек арадан паспортсуз ишеним кат менен гана алып өткөн фактылар толтура катталган. Мунун айынан бир катар одоно мыйзам бузууларга жол коюлуп, далай бөбөктөрдүн тагдырына балта чабылган.
Алишер Токсонбаев
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ