Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Эсиңерге келгиле уурулар, мамлекеттин казынасын уурдап түгөтө албайсыңар”

Бөлүшүү:

Илгери бир өткөн заманда, байыркы көчмөн калктан акылман баатыр чыгып, кырк уруунун башын бириктирип улуу улут түзүп, “элим жер карап калбасын” деп мамлекет түптөгөн экен. Ошол заманда өнүккөн улуу эл болуп, тегерегинде жашаган элдердин баарын багынтып, чөгөлөтүп, салык салып, кун төлөтүп турчу. Улуттун бийлигин бекемдеш үчүн Амур дарыясынан Урал тоолоруна чейин каганат түзүп, көп жылдар бою байгерчилик менен ооматта жашаптыр. Акылман баатыр көз жумгандан кийин, бийлик талаш башталып, түбөлүктүү сезилген улуу каганат талашка түшөт. Кырк уруунун башчылары биринен бири озунуп, бийлик башына келүүнү самайт.
Кырк урууну бир билектей бириктирип, көч башында турган акылман баатырдын артындагы мансап, бийлик, байлыкты бөлүштүрө албай, элди да бөлүп, жарып, кырк уруу кырк жакты карап, араздашуу күч алат. Уруулар өз ара салгылашып, эр бүлөлөр кырылып, калктын саны азаят. Ыркы, ынтымагы бузулган улуу элдин башына каран түн түшүп, сырттагы баскынчылар, кас-душмандары жеринен сүрүп, үркөрдөй эл тоо этектерин байырлайт. Жортуулчулук менен жан багып, башкалардын ырыскысын тартып жеп көнгөн эл айласы кетип, биринин малын бири чаап, уурулук кылып жашоо өткөрүп калган экен. Уурулук элдин канына сиңип, көнүмүш салтка айланып, генефондуна матрица катары кирет.
Дал ошол уурулук кылымдардан бери келип, азыркы цивилизация дооруна кирип келди. Көнгөн адат калбай, өнөкөткө айланып, оной оокатка ыкташып, жер иштетпей, техникага кызыкпай, башка улуттардын көзүн карап, оңой оокатка көнүп калган элдин аң-сезимин буруу кыйынчылык жаратты. Канчалык башына кыйынчылык түшсө дагы, түгөнгөн сайын түтөгөн эл болуп, көп улуттун арасында жоюлуп, жоголуп кетпей, мамлекеттүүлүгү сакталды. Канчалык оор мезгил баштан өтүп, кырылып жатса дагы, кудай колдогон түпкүлүктүү эл экен, ал эмес ал мамлекет Алланын амири менен көз карандысыздыкка ээ болду, Алланын жарыгы тийген эл экен, жердеген жери бейиштин төрүндөй, тоосу ажайып керемет, суусу таза, карагайы аска-зоосунда асман тиреп, ченебеген аркар-кулжасы оттоп жүрөт. Жер алдында алтын баштаган асыл таштары арбын, тоо чокуларында ыйык көлдөрү орун алган. А мүмкүн, бейиштин төрүндөй жерде жашаса, бул эл тирилигин кантип өткөрөр экен деп сынаган бейм, Жараткан.
Эл Жараткандын ишаратын жүрө-жүрө түшүнүп, жүрө-жүрө түзөлүп, далай азап-тозокту башынан өткөрүп, кырылып, жоюлуп, бөксөрүп-төгүлүп, изденип, иргелип олтуруп, мезгил сынынан өтүп, тарыхтын таразасына калчанып, өз журтуна келип, ак түспөл улуу элге баш калкалап, Кудай жок деген амирдин канатында жаркын келечекке умтулган заманга туш болушат.
Бирок, улуу ак эл түркөй, билимсиз, жортуулчулуктан башканы билбеген караңгы элдин кат-сабатын жоюп, билим берип, мектебин салып, маданиятка жетелеп, алдынкы цивилизацияга жеткирет. Дүйнөнү титиретип турган баягы империя да кулайт. Эл өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуп, падыша көтөрүп, өз жолун улантат. Бийлик менен саясат ыпылас нерсе экен, өлкөнүн баш мыйзамын кабыл алса дагы падышасы бийликтен кеткиси келбей, ал тургай үй-бүлөсү, жек-жааты кошо киришип, бийлик бутактарына илешип, кой десе болбой, башкара башташат.
Мамлекеттин байлыктарын ары тартып, бери тартып, талап-тоноп, мүлжүп, уурдаганга киришет. Көрсө, ата-бабасынын канында калган экен. Бирин кубаласа, экинчиси тыңчыкма ууру болот. Мурунку падышаларына сынтагып, “ууру” деген жаш падыша бийликке келип, ал да тигинин жолун кайталайт. Элдин күткөнү жакшы заман эле, үмүт эткени жаш падыша эле. Анын  котур ташын койнуна салып келгенин ким билсин.
Жаш падыша бийликке келери менен “тен салмактуу башкарып жатам, мыйзамдын чегинен чыкпагыла” деп элге жарыялайт. Бирок, ошол эле убакта көмүскөдөн ыпылас иштерин былгытат. Мурдагы падышалардан ашып түшүп, уурулукка колун матырат. Баарысын коркутуп-үркүтүп, көзүн май басып, өзүн түшпөс хан сезет. Уурулугу күн санап күчөйт. А бирок, өзүнө сыртынан чаң жугузбай, сөз жолотпой, жалпыга каарын төгүп, абсолюттук жеке башкарууга өтөт. Анан эли мурдагы падышалар жаманбы-жакшыбы демократиялуу болгонун түшүнөт. Ооба, бийликтин даамын татыган алар дагы кызматтан кеткиси келбей, күчтүүлөрдү басып, камап, набыт кылган жаратмандыктан алыс, чабал, ач көз бийлик болчу.
Жаш падыша дагы алардын таз кейпин кийип, чабал, ач көз, ойду-тоону сүйлөгөн, кызуу кандуу, убал-соопту ойлобогон, мамлекетти тоногон, мажирөө падыша болду. Саясий көз караштарга жакпаса зордук менен күч колдонуп, мыйзамсыз камакка алып турганы менен бөтөнчө айырмаланды. Кимдир бирөө оппозициялык маанайда сүйлөп койсо, “мамлекетке кол салганы жатат, куралданып жатыптыр, төңкөрүшкө камданып жатыптыр” деп жалаа жаап, репрессиядагыдай камакка алууга киришти. Жаратмандык жасаган иши көрүнбөйт, мамлекеттин казынасы бөксө, капчыгы жука бойдон. Каатчылык каптап, калың элинин сабыры суз, маанайы бөксө. Падышанын тегерегиндегилердин баары уурулук менен алектенип, өз көмөчүнө күл тартуу менен алек.
“Жаман элге, ууру падышабы?” Хан сарайда жалаң карт бөрү ууруга айланды. Мамлекет жакыр болгон үчүн эл ден соолугуна да кам көргөнгө чамасы жетпей калды. Ал эми улуттун саламаттыгын ууру бийлик ойлойбу? Жаш балдардын көбү аллергия, гепатит. Оору жашарды, илдет күчөдү. Келечек бүдөмүк. Келечекте эмне болорун эч ким айтып бере албайт, эч ким билбейт. Чындыкты көзгө сайып, жамы элге жеткирген менен бийлик үстүртөн басып, же бир маселени чечпейт. Улуттук телеканалдан кемчиликти айтып, көрсөткөндүн ордуна, тилекке каршы, дежур журналисттер кошоматчылык менен алек болуп, акенди таанытып, ит талагандай талайт. Ага кошулуп ууру чиновниктер падышага кошоматчы болушуп, менчик гезит ачтырып, бир беткей бийликти мактаган адатка айланды. Ал тургай телеканалдардын баары падышаны макташат, падышаны жакташат, аларга кошулуп, ууру чиновниктердин менчик гезиттери бирин-эки оппозицияга асылышат.
Азыркы убакта он, он бештей оппозиция маанайындагы активисттерден, коомдук лидерден коркуп, ошолор менен алаксыган падышага таң каласын. Оппозицияга көңүл бурбай, мамлекетти кризистен алып чыгуунун жолун издесе, баары кубанмак. Адамды куугунтуктаганга өтүп, камаганына маашырланган падышанын келечеги жок. Мындай кадам улуттук трагедияга алып барат десек жанылбайбыз.
Тарыхта биздин падышалардан бай, байлык чогулткан миллиардерлер болгон. Бирок, чыныгы дүйнөгө кеткенден кийин чогулткан дүйнөсү асманга сапырылган. Карт тарыхта мындай мисалдар арбын. Миллиардерлер бизнес чөйрөсүндө эмгектенип, миллиардды чогулткан. Ал эми биздин падышалар миллиардды мамлекеттин эсебинен, элдин ырыскысын жеп таап жатышкан  падышалар. Канчалаган кан төгүлүп жатат, согушу жок эле автоунаадан кырсыкка кабылып, өлүп жаткандар миңдеп саналат, сыртка жумуш издеп чыгып кеткен мигранттардын арасынан жылына 350 -400 зу өлүп груз 200 болуп келип жатат. Ал эми дарттын көбөйүшүнөн,  гепатит орусунан, рак илдетинен жана башка оорулардан дарыланганга акча каражаты жетишпегендиктен каза тапкандар миңдеп саналат.
Улам улам министрлерди алмаштырып, күч органынын жетекчилерин алмаштырып, далайына “генерал” деген наам берип, пенсияларын 50-60 миң сомдоп ай сайын чектеп, казынаны жукартты. Керек болсо, ушул генералдар падышага кошулуп уурулук кылгандар, кримчөйрөнү жаратып, аталык наамды алышкан эң ири кылмышкерлерге айланышты. Ошол эле убакта миңдеген пенсионерлер эки миң сомдон пенсия алышат, демек, калыстык да, адилеттик да бул падышалыкта жок.
Бул падыша да журт аталыктан алыстап, уурулук кесипти мыкты өздөштүрдү. Байыркы улуу каганат дагы ушундай уурулуктун кесепетинен жоюлуп, кырылган. Бийликтегилер өткөңдөрдүн жаңылыштыктарынан сабак алып, каталарын кайталабай, улуу улутту жер каратпай намыстанса кана. Байлык колдун кири, бир күнү баарыбыз тиги дүйнөгө кетебиз, падыша экен деп Алла аркы дүйнөдө колдоп, бейишине киргизбейт. Алла баарыбызга тең, ушуну унутушпаса уурулар.
Эсиңерге келгиле уурулар, мамлекеттин казынасын уурдап түгөтө албайсыңар, элдин каргышы жаман. Бийлик канчалык каарду болсо дагы адам баласы бары бир, бир жеринен жиреп чыгат, адам баласына боштондук керек, ырайымдуу бийликке умтулат эмеспи. Кудайдын да элдин убалы үчүн сурагы бар, ошону унутпагыла. Алла кабыл кылып койсо, бир күнү мурдагылардын таажысын кийип каласынар. Эгерде падыша жаратман болсо, эли күчтүү, билимдүү, маданияттуу, ден соолугу чың эл боло аларына шек жок. Чынчыл таза ой жаратман максатты алдыга койгон падыша, өз элине кастык кылбайт. Байыгандын дагы тартиби бар, барын эле алдай бербейт.
Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: