Menu

Видео – Адилет Айтикеев: “Эрнис Кыязов агама кыстырма.., бирок Венера Жуматаева “Азаттыктан” кетиш керек”

Бөлүшүү:

Атамбаевдик режимдин куугунтугунан сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон, “Искра” гезитинин редактору, журналист Адилет Айтикеев Facebook социалдык тармагындагы баракчасында түз эфирге чыгып, акыркы күндөрдөгү резонанс жараткан иликтөөлөрдүн тегерегинде өз оюн билдирген.

“Эрнис Кыязов агабыз Атамбаев жана Матраимов темасына байланыштуу эки саатка жакын берүү даярдаптыр. Ал жерде бардык маселеге өзүнүн оюн айтыптыр. Мен дагы Эрнис агабызды сыйлайм, кесипкөй инсан деп эсептейм. Бирок жалпы “Ток этээри” көрсөтмөсүн бир тараптуу деп бааладым. Ал жерде бир кызык жагдай болуптур. Видеодо өзүмө тиешелүү жерине комментарий берейин деп байланыштым… “Азаттыктын” биринчи иликтөөсү чала болуп калды, Элнура Алканова Али Токтокуновдун иликтөөсүндөгү каталарды туура тапты деп оюмду айткан элем. Биз Азаттыкты бери дегенде эле 7-8 жылдан бери сындап келе жатабыз. Турмуш-тиричилик радиосу болуп калды деп айтып келатабыз. Бүгүнкү күндө ошол билдирүү жеке саясатка колдонулуп жаткандай сезилди. Бир адамдын кайрылуусун же билдирүүсүн жеке кызыкчылыкта пайдаланган туура эмес… Бүгүнкү күндө дагы Венера Жуматаеваны кызматтан кетиши керек деп эсептейм. Анткени ал келгени Азаттык турмуш-тиричилик радиосуна айланып, “Данисте”, “Эже-сиңдилер” деген көрсөтүүлөрү, майда-чүйдө темаларды чагылдарган радио болуп калды деп мурдатан бери айтып келе жатабыз. Бирок кечээки Али Токтакуновдун жана ошол жердеги группанын жүргүзгөн иликтөөсүн жогорку деңгээлде даярдалган иликтөө деп бааладым. Азаттык радиосу бул жолу абдан мыкты иликтөө кылган. Аларга алкыш! Ошондой эле ал жердеги фактылар иликтенип изилдөөгө тийиш” – дейт Адилет Айтикеев.

Видеону толук төмөндөн көрө аласыздар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: