Menu

АКШ Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялайт

Бөлүшүү:

АКШда президент Дональд Трамптын администрациясы өлкөнүн Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялоого даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Вашингтондо Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолуккандан кийин билдирди.

Анын айтымында, быйыл АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен мамилелерди «активдештирди»

— Быйыл июлда АКШ делегациясы акыркы төрт жылдан бери алгачкы жолу Кыргызстанга барган. Ноябрда Мамлекеттик департаментте Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов кабыл алынган. Кийинки жылы жазында Вашингтондо Тажикстан жана Өзбекстан делегацияларынын өкүлдөрүн кабыл алуу пландалууда, — деп билдирди ал.

АКШнын дипломатиялык байланыштарын кеңейтүү аракети Кытайдын Борбор Азиядагы экономикалык жана саясий таасири күчөп жаткан маалга туш келүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: