Menu

Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин билдирди.

«Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине сиздер баарыңыздар күбө болдуңуздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек беле, бул биздин өнөктөштүгүбүзгө дал келеби дегенде турат» — деди Исаков кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, ортодогу келишимдер боюнча бардык жүк ташуучу, жеңил унаалар, жүргүнчүлөр жана товарлар чек арадан эч кандай тоскоолдуксуз өтүшү керек. «Биз Казакстан бардык болуп жаткан көйгөйлөрдү чечерине терең ишенебиз», — деди Исаков.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн жүк унаалардан турган кезек күтүүлөр жаралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: