Menu

Пирматовдун оң колу болуп эсептелген адам, бүгүн мэрдин оң колуна айланды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Ренат Макеновдун дайындалышы, буга чейин көпчүлүк ичинде айтылып келе жаткан көмүскө сырларды ачыкка чыгарды. Ал кандай сырлар эле? Албетте ал азыркы шаар мэри Албек Ибраимов менен калбыры калың депутат Исхак Пирматовдун табышмактуу тандеми. Жаңы биринчи вице-мэр буга чейин эки доско тиешеси бар делинген «Манас» аэропортуна жанар май ташуучу «Интэк» ишканасын жетектеп келгени, андан кийин мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгын жетектегени көп эле айтылган. Тактап айтканда, буга чейин Пирматовдун оң колу болуп эсептелген адам, бүгүн мэрдин оң колуна айланганы болуп жатат. Эсиңиздерге сала кетсек, азыркы депутат Исхак Пирматов «Кыргызнефтигаз» ишканасын жетектеп турганда, мамлекет миллиондогон акчаларга зыян тарткандыгы ачыкталып, ал тургай кылмыш иши козголгон эле. Депутаттык мандаты гана сактап калган ал кыңыр иш, билишибизче билинбей кыскартылып кеткен имиш. Эртеби-кечпи ал иштин ачыгы айтылат дечи. Бирок азыркы мэриянын жаңы орун басары ошол кезде Пирматовдун орун басары болуп отурганында… Кыскасы, таржымалы таза эмес адамдын такка келгени табышмактуу болуп жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: