Menu

Кулчулукка кабылган мекендештер

Бөлүшүү:

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандан кеткен эркек кишилер көбүрөөк Орусия жана Казакстанда кулчулукка кабылып, кара жумушка салынат. Ал эми кыргызстандык кыздар көбүнчө Түркия жана Бириккен Араб эмираттарында сексуалдык кулчулукка туш болуп келишет. Соңку мезгилде Кытайда да кулчулуктун ар кыл түрүнө кабылган кыргыз жарандары бар экен.

Адистер мигранттардын кулчулукка кабылышынын негизги себебин маалыматтын жетишсиздиги, мыйзамды билбегени менен байланыпггырып келишет.

Айрым маалыматтарга таянсак, чет өлкөгө кеткен аялдардын көбү бейформал, көмүскө иштерде эмгектенишет. Мунун өзү кулчулукка, эксплуатацияга алып барат. Себеби, аялдар көмүскө тармакта иштесе, эч кандай келишим түзүүгө укугу болбойт. Айлык акысын да, убактысын да көзөмөлдөй албайт. Иш берүүчүлөр да көмүскөдө иштеген аялдын ачыкка чыгышын каалабайт.

Мындай абал акыры кулчулук торуна салбай койбойт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: