Menu

Төрт саясатчынын мындай биригүүсү ак үйдүн жүрөгүн солк эттирди

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо алдында алгач төрт саясатчы – Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев, Акматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров биригип, бир талапкерди сүрөөгө алмай болушту эле эми алардын катарына Темир Сариевдин да кошулушу күтүлүүдө. Мындай биригүү ак үйдүн жүрөгүн солк эттирди дешүүдө.Эми булар кимди президенттикке көрсөтүшү мүмкүн? Дегеле бул биригүүдөн натыйжа чыгабы?

Санрабия Кубанычбекова, жаш акын: “Президенттикке талапкер катары Б.Төрөбаевди алып чыгышат”

Төрт үлкөндүн бириккени эми Т.Сариев менен да сүйлөшүү жүрүп жатканы жакшы жаңылык болду. Жеке өзүм алардын мындагы кадамын колдойм. Булардын бири чындык үчүн тилин боздотуп жүрүп көп жерден күйсө, экинчиси ала көөдөңдүгүнүн айынан айлакерлерге алданса, үчүнчүсүнүн болбогон нерсеге боздогон учуру көп катталса, төртүнчүсүнүн оозу азырынча саясаттын сүтүнө күйө элек. Ал эми бешинчисинин азырынча башы ачыла элек. Ошондуктан, менин пикиримде булар президенттикке талапкер катары Бакыт Төрөбаевди алып чыгышат. Баары тең башы көрүнгөн инсандар болгону үчүн ар кимисинин өз деңгээлинде колдоочулары бар. Биригүүлөрүнүн натыйжасында дагы бир топ колдоочулар пайда болушу мүмкүн. Анткени биздин өлкө азыр ушундай кадамга муктаж болчу. Жыйынтыктап алганда жаңы түзүлгөн саясий уюмдун шансы бир топ жогорулоосу толук ыктымал.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы: “Булардыкы анча бекем, ишеничтүү эмес, утурумдук кадам”

Мен бул төртөө эле эмес, жалпы талапкерлердин тең жарымы биригишин каалар элем, бирок биригишпейт го… Булардыкы деле анча бекем, ишеничтүү эмес, утурумдук кадам деп ойлойм. Мунун башкы себеби – ашкере өзүмчүлдүк, ар кимиси (бул төртөөнүн эле эмес) өзүнүң чыныгы кадыр-баркын, дареметин билбей, далыга таптап апырта мактагандарга ишенип алгандыгы. Эми булар Мадумаровду президенттикке, Келдибековду премьер-министрликке, Төрөбаевди спикерликке, Ташиевди дагы бир таасирдүү орунга макулдашуусу мүмкүн. Бирок шайлоодо утуп чыгыш үчүн бул төртөөнүн күчү, таасири аздык кылат, эч болбосо дагы 2-3 салмактуу (түндүк тараптан) талапкерди катарына кошо алышса, ошондо гана жеңишке жетиши мүмкүн. Жеңип чыгыш үчүн төртилтиктин күчү аздык кылат деп элдин баары эле айтып жатты эле, эми Сариев кошулса, бул топтун салмагы артары бышык. Өзүмчүлдүктөн өйдө болуп, катарына дагы бир нече таасирдүү талапкерди кошо алса, жакшы эле болмок. Бирок дагы эле булардын бекем биригишине ишенич аз.

Мурат Жетимишбаев, элдик серепчи: “Бул биригүү өтө зарыл, эл күткөн биригүү болду”

Бул биригүү өтө зарыл, эл күткөн биригүү болду. Жигиттер эң туура кадамга барышты. Буюрса булардын катары дагы өсөөрүнө күмөнүм жок! Ал эми талапкер боюнча болсо, менин оюмча, булар бирдиктүү партия түзүшүп, талапкерди көрсөтүү курултайын өткөргүчө негизги талапкер сыр боюнча сакталып турары бышык! Ошондуктан азыр “тиги болот, бул болот” деп көзү ачыктык кылгым келбейт. Кыргыздын “көлчүк толуп, көл болбойт, көлмө ташып, сел болбойт” деген керемет макалы бар! Албетте азыркы болуп жаткан биригүүлөр бул ошол накта көл, сел болчу биригүү деп так айта алам! Бул биригүү дагы уланышы керек! Себеби мындай биригүүгө барышпаса, эч кандай жеңишке жете албасын ар бир талапкер терең түшүнүп турган чагы. Бийлик үчүн болуп көрбөгөндөй таймаш катуу болот! Биздин мамлекетибизде бурулушту, жаңыланууну каалаган ар-бир жаран биригүүгө гана умтулушу абзел!

Алга Кылычев, саясый серепчи: “Төрт кочкордун башы бир казанга кайнабайт”

Бул биригүүдөн натыйжа күтпөйм. “Төрт кочкордун башы бир казанга кайнабайт”, кайнамак түгүл, казанга суусу жылый да албайт, деп сүрөттөмөкмүн булардын иш-аракеттерин. Булардын ою элге белгилүү – булар байлык, бийлик, курулай амбициянын артынан жүрүшкөн инсандар. Булар эл башы боло турчу касиетке ээ эмес… Буга чейин деле бир канча жолу биригишип, бир канча жолу талак беришкен.

Шаирбек Маматокторов, саясый серепчи: “Бул бирикме, “үчилтик тарайт” деген имиштерди жокко чыгарды”

Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев бирикти. Бул бирикме, буга чейинки “үчилтик тарайт” деген имиштерди жокко чыгарды. Тарабай эле, бул саясий күч мындан да күчтөнүп, олуттуу бирикмеге айланууда. Жакында, башка саясий күчтөр да бул бирикменин ар тарабына чогулушат. Эми болсо бирикме күчтөнүп бараткандыктан, ар түрдүү кошоматчылар, ичтери күйүп, эртең эле таркайт деп ушак таратууда. Келдибеков, Ташиев, Мадумаров, Төрөбаев сыяктуу “оор салмактагы ” саясатчыларга Чүйдүн чыгааны Сариев да биригет турганы күтүлүүдө. Бул саясий тайпа олуттуу күчкө айланды.

Эмилбек Момунов, журналист: “Бул азаматтардын биригишин эл күткөн”

А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев жана Б.Төрөбаевдердин президенттик шайлоонун алдында биригип, бир талапкерди колдой тургандыгы тууралуу билдирүүсү көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык болду эле аларга Т.Сариев да кошулушу күтүлүүдө. Адилеттик замандын орношун күткөн эл ушуну күтүп аткан. Чындап эле булар өз алдынча алгач президенттикке талапкерлигин көрсөткөндө алардын артындагы колдоочулары да бөлүнүп-жарылып калган. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо да дал ушул талапкерлердин экөөсү өз алдынча чыгып, аягында бири да жеңишке жетишкен жок. Ал эми булардын ичинен менимче мамлекеттик кызматтардын дээрлик бардык тепкичтерин басып өтүп такшалгандыгы, интеллектуалдыгы, билими, диний түшүнүгү жана орус, кыргыз, түрк тилдерин билген сөзгө чечен катары жалпы кыргыз журтуна таанылган Адахан Мадумаров татыктуу деп ойлоймун. Эң негизгиси, Адахан Кимсанбаевич ушунча бийлик тепкичтерин басып өтсө да мамлекеттин казынасына беш колун эмес, чыпалагын да салбаган таза адам. Андыктан анын ушул таза, такшалган сапаттары келечекте президент болуп, элдин турмушу менен мамлекетти азыркы кризистин сазынан чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп айта алам. А.Мадумаров ошондой эле курч, чынчыл адам. Ал эми бүгүнкү коррупция менен жердешчилдик, трайбализм жети баштуу ажыдаардай баш көтөрүп, коко тикендей өсүп кеткен учурда өтө керек. 26 жылдан бери калпычы, эки жүздүү, өзү менен үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгынан башканы ойлобогон президенттерден көк таштай көңүлү калган карапайым эл да эми мамлекетибизде ушундай кескин бурулуш болушун күтүүдө.
Чынында эле төртиликке Т. Сариевдин да кошула тургандыгы тууралуу кеп жалпы кыргыз элин кубантты. Анткени эгер бул талапкерлер чындап эле ушундай кадамга бара турган болушса, анда эң оболу Кыргызстандагы шайлоо учурунда түндүк-түштүк деп бөлүнгөн илдеттен арылабыз. Мындан тышкары оппозициялык бирдиктүү күчкө айланып, бийликтин талапкерине чоң коркунуч жаратат. Т.Сариев канткен менен мыкты экономист, интеллектуалдык деңгээли жогору, маданияттуу, заманбап технологияларды түшүнгөн, жаңыча көз караштагы адам. Ал чындап эле ушундай кадам жасаса, өзүнө тагылып жүргөн айрым терс жарлыктардан да арылып, жалпы элдик колдоого ээ болот. А. Мадумаров, А. Келдибеков, К. Ташиев жана Б. Төрөбаев сыяктуу төртиликтин курамынын түндүк тараптан колдоочулары көбөйөт. Негизи эле бул Кыргызстандын тарыхындагы чоң, кескин бурулуш жасаган, элди бириктирген шайлоо болуп калмакчы.

Жолдошбек Токоев, коомдук ишмер: “Азырынча Т.Сариевдин бул төртөөнө кошулушу күмөн”

А.Келдибеков, К.Ташиев А.Мадумаров,Б.Төрөбаев биригип, эми Т.Сариевди да өздөрүнө тартып жатышат. Кимди корсөтүшөт деген меселеде А. Келдибековго токтолсом анын соттолуп, мыйзам боюнча “соттолду деген мөөнөтү” деген мөөнөтү 2017- жыдын 8-ноябрында бүтөт экен. Демек ал 15- октябрдагы президенттик шайлоого катыша албайт. К.Ташиев 2011- жылдагы президенттик шайлоодо чабалдыгын ачык эле көрсөтүп койгон. Камчыкеде мүмкүнчүлүк аз. А.Мадумаров 2015- жылы А. Салымбеков менен “Эмгек “партиясы аркылуу парламенттик орунга, мандатка күч сынашып, бирок татыктуу добуш топтой алган эмес. Бирок, парламенттик шайлоо менен президенттик шайлоонун айырмасы чоң. Президенттик шайлоодо партия болобу, жеке адамдар болбобу бир эле талапкер үчүн элди тартат. Адахандын президенттик шайлоодо мүмкүнчүлүгү бар, элди тарта билген тили да жакшы, бул да чоң артыкчылык. Адахан жеңбесе да башкаларга ошол эле С.Жээнбековго чоң тоскоол жаратаары турган нерсе. Ушул жагдайды эске алсак президенттик шайлоо 2 тур менен өтүшү мүмкүн. Негизи шайлоо чатак, чыр менен эмес тынч өткөнү өлкөгө, элге жакшы. Эмоцияларга алдырбаш керек. А.Келдибековдун, К.Ташиевдин, А.Мадумаровдун, Б.Төрөбаевдин биригип, катарларынаТ.Сариевди тартып жатышы “бир болуп Ж.Жээнбековду биринчи турдан кулаталы” деген максаттары. Мындай кадамдар башка мамлекеттердин саясатындагы кадыресе эле көрүнүш. Азырынча Т. Сариевдин бул төртөөнө кошулушу күмөн.

Бердибек Жамгырчиев, акын: “Мындай биригүү ак үйдүн жүрөгүн солк эттирди”

“Төртөөң төп болсоң төбөдөгүнү аласың, алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың” дегендей эле төртөөнүн өз өзүнчө ар коктуда жүргүчө бирикккени өздөрү үчүн жакшы болду. Аларга Т.Сариев кошулса андан бетер жакшгы болот. Мындай биригүү ак үйдүн жүрөгүн да, ак үйдү түш көрүп жүргөн талапкерлердин да бир тобунун жүрөгүн солк эттирди. Бирок “көп суур ийин казбайт, казса кенен казбайт” деген да эл макалы бар. Андыктан саясий оюндар саат санап алмашып турган чакта алдыда дагы көп нерсеге күбө болобуз!

Дайырбек Мейманов

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: