Бухара милициясы 14-апрелде ташкенттик көз карандысыз журналист Алексей Волосевичти Газли шаарында жергиликтүү базарды сүрөткө тартып жүргөндө кармап кеткен.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттин эки флешкасын алып койгон. Алексей Волосевич “базарды уруксатсыз сүрөткө түшүргөн” деген жүйө менен кармалган. Милиция бөлүмүндө анын манжаларынын издерин алып, сурак жүргүзүп анан коё беришкен.
Милиция кызматкерлери фотоаппаратты сүрөттөрдүн баарын өчүрүп туруп беришкен. Эки флешкасын алып коюшкан.
Өзбекстанда көчөдө сүрөткө тартууга тыюу салынбайт. Мындан улам Газлиде журналистти эмне себептен кармашканы белгисиз. Волосевич райондук милиция бөлүмүндө кечке чейин болгон. Ал 15-апрелде гана Бухарадан чыгып, Ташкентке кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Көз карандысыз журналист Алексей Волосевич – Анжиян окуяларынын күбөсү. Ал кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир нече жолу кармалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ