Menu

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Кыргыз жана өзбек элдеринин өзгөчө кубаныч менен тоскон, кылымдардан берки келе жаткан жаркын Курман айт майрамына байланыштуу Сизге өзүмдүн чын жүрөгүмдөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди багыштоо мен үчүн ырахат алып келет.

Жакында Бишкек шаарындагы биздин ачык жана достук маанайдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сиз тараптан айтылган эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарын тездетилген темпте мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө сунуштарды толугу менен колдоп, кубаттайм.

Кылымдар бою сындан өткөн тарыхый, диний жана маданий жалпылаштыкка, жакшы коңшулаштык, өз ара ишеним жана урмат-сыйга негизделген стратегиялык өнөктөштүк биздин жалпы аракеттерибиз менен мындан да жогору деңгээлге чыгат деп ишенем.

Бул жарык жана ыйык күндөрү Алла-Талаадан суранарым, Сизге узун өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай, жооптуу мамлекеттик ишмердикте жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүүнү ыроолосун», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо телеграмамында.

2019-жыл 11-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: