VISA компаниясынын өкүлдөрү түркмөн банктарын тейлөө убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты. Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы жергиликтүү банктардын компания алдындагы карызына байланыштуу төлөм карталар аркылуу операцияларды жүргүзүү токтотулганын кабарлаган.
VISAнын корпоративдик байланыштар боюнча менеджери Анна Сердюктун билдиришинче, учурда бардык транзакциялар жана банктарга көрсөтүлүп жаткан кызматтар толугу менен «стандарттык режимде» уланууда.
Ошол эле маалда ал түркмөн банктарынын компания алдындагы 30 миллион долларлык карызы тууралуу түшүндүрмө бере алган жок.
«VISA карталарын пайдалануудагы чектөөлөр тууралуу банктан сураганыңар туура болот. Биз каржы мекемелери менен иштейбиз жана Түркмөнстандагы кайсыл бир банктын кардарларын тейлөөнү токтоткон жокпуз», – деди Анна Сердюк.
8-декабрда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы түркмөнстандык VISA карталарынын иштебей калышына Түркмөнстандын каржы бийликтери жооптуу экенин ырастаган. Айтымында, өткөн аптада түркмөн банктарынын VISA төлөм карталары менен операцияларына кескин чектөөлөр киргизилген. Бул чара VISA компаниясы тарабынан эмес, Түркмөнстандын Тышкы экономикалык банкы тарабынан көрүлгөн.
8-декабрда басылманын Түркиядагы кабарчысы өлкөдө түркмөнстандыктар дале VISA карталарын пайдала албай жаткандыктарын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ