“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун акча алганы тастыкталса, жоопкерчиликке тартылабы?”, – деп бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сурады.
“Бүгүнкү күнү жалпысынан бул иш боюнча 5 кылмыш иши тергелип жатат. Аталган кылмыш иштер аягына чыга элек, бул алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы. Тергөөнүн жыйынтыгы менен дагы калган фактылар кандай болот аны тергөө органдары чечет. Али Токтакунов боюнча эки күбө көрсөтмө берип жатат. Болгон жагдайды Али Токтакунов өзү тергөө органдарына келип, күбөлөр менен беттешип, такташы керек. Ошондон кийин гана аталган факты боюнча чечим кабыл алынат. Ага чейин, бир нерсе деп айтуу туура эмес. Муну тергөө органдары чечет”, – деди депутат Талант Мамытов.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-июнда кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ