Бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен Жаш ишкерлер ассосациясынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамынын кээ бир беренелериндеги талаптарын жеңилдетүү демилгесинин үстүндө талкулоо болду.
Бул жолугушунун максаты – коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча министрдин коомчулук менен суроо, сунуш, пикир алмашуусу болуп саналат.
Аталган талкулоонун жүрүшүндө министр Нурболот Мирзахмедов бүгүнкү күндө өрт коопсуздугу маселеси коомчулуктун көнүл чордонунда экендигин баса белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү коомдогу актуалдуу маселелерди жалпы коомчулук менен ачык пикир алмашууга даяр экендигин билдирди.
“Чындыгында, бүгүнкү күндө өрт коопсуздугун алдын алууда куруучулар да, өрт өчүрүүчүлөр да, ошондой эле тиешелүү министрлик, ведомстволор биргеликте жапа тырмак иш алып баруу замандын талабы. Андыктан, сиздер көтөргөн маселенин үстүндө иштеп чыгууга ар дайым ачыкпыз”,– деди министр.
Жыйынтыгында Нурболот Мирзахмедов кийинки отурумга чейин министрликтин кызматкерлерине кошумча тапшырмаларды берип мындан тышкары боло турган жолугушууну тиешелүү министрлик, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү чечими кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ