Menu

Төрага Дастанбек Жумабеков баатыр эне Алый Малдыбаевга энчилүү саат ыйгарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган баатыр эне Алый Малдыбаеванын үйүндө конокто болду.

Белгилей кетсек, Алый Малдыбаева жубайы экөө жети баланы тарбиялап, өстүрүшкөн. Аны менен катар баатыр эне райондогу коомдук иштерге да жигердүү аралашкан. Балдарынын баары чоӊоюп кеткенине карабай, майрамдарды ата-энесинин үйүндө тосушат. Тилекке каршы, Алый апанын абышкасы бир канча жыл мурун каза болгон.

Нооруз майрамына карата баатыр эне Жогорку Кеӊештин депутаттарын да конокко чакырып, ак дастарконунан даам сыздырды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Алый Малдыбаевага энчилүү саат ыйгарып, картина жана неберелерине компьютер белекке берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: