Menu

Тез жардам жол кырсыгында жабыркагандарга жардамга баратып өздөрү кырсыкка учурады

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда Тез жардам автоунаасы жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү журналисттерге бүгүн, 25-январда билдирди.

Алардын айтымында, кырсык, кечээ, 24-январда, түшкө маал Булан-Сөгөттү айылында болгон. Тез жардам Корумду айылында жол кырсыгында жабыркагандарга жардамга баратып өздөрү кырсыкка учураган. Анын кесепетинен 62 жаштагы айдоочусу, 59 жаштагы фельдшер жаракат алып, алар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилип жатат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: