Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өткөн эскерүү иш чарасына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Эскерүү иш чаралары «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жана Бишкек шаарындагы жеңиш аянтында өткөрүлдү.
Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ