Menu

Саясаттан тажабагандар…

Бөлүшүү:

Кудайга шүгүр, кыргыз эли заман агымынан артта калбай өсүп жатат. Жарандарыбыздын көпчүлүгү интернет аркылуу учурдагы жаңылыктардан маалымат алып турушат. Тилекке каршы, интернеттеги ошол окуяга пикирлерин билдирип жаткандардын айрымдары сөгүнүп, киндиктен ылдыйкы “жакты” колдонуп жаткандыгы өкүнүчтүү.

Сөгүнгөндөрдү жазага тартуу тууралуу мыйзам кабыл алынбады беле. Ал деле ойлонбой жазылган токтом беле иштебегенден кийин. Бир эсебинен, пикир жазуучуларды да туура түшүнүүгө болот. Аларды ушундай деңгээлге түшүргөн, албетте, сасыган саясат экендиги айгине. Кээде тааныштарыбыздан телефонубуздагы ватсапка жаңы маалымат түшкөндө да “селт” эте түшчү болдук. Бирөөнү жамандаган сөздөр дагы ватсап менен келип жатат. Бу “ватсап” дегениң, обончу Майрамбек Осмонов айткандай, “бок-сак” экен. Кимдир бирөөлөр бийлик башындагыларды атайлап чукуган, келекелеген же монтаждалган видеолорду тынбай таркатуу менен алектенип жаткандай. Айланайындар, башка жумушуңар жокпу!? Эл ичине ызы-чуу жасагасы келгендерди ээрчибегилечи. Ар бир митингдин артында бирден, экиден сасык саясатчы турат. Ызуу-чуудан эч ким пайда таппайт, өлкөбүз гана алсырайт, андан кий­ин өзүбүз жыргап кетебиз деп ойлобогула.

Андан көрө, колуңардан келсе, бири- бириңерге жакшылык кылгыла. Журт бузарлар кооз сөздөрдү сүйлөгөнү менен, силерге жакшылык кылбайт. Алардын максаты кызмат эле. Эгер жогору жактан аларга “усту­пай” ыргытылып калса, алар аны эркектин жыныстык мүчөсүн оозуна салган сойкудай ырахаттана “соруп” жатып калышат, анан силерди бат эле унутат.

Айтор, саясаттан чарчагандай деле бол­дук го! Эми өсүш гана керек. Алдыга жылганга ызылдашмайды эмес, ынтымакчылыкты биринчи орунга койолучу, туугандар!

 Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: