Menu

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйла жеңилдеди

Бөлүшүү:

Казак-кыргыз чек арасында топтолуп турган автоунаалардын саны кыйла азайып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 11:30га карата Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек” чек ара бекетинде 30 оор жүк ташуучу унаа турат, Панфилов районунун “Чалдыбар” чек ара бекетинде унаалар жок.

– Аламүдүн районунун “Ак-Жол” бекетинде 1 кичи автобус жана 5 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районунун “Чоң-Капка” чек ара бекетинде 76 оор жүк ташуучу жана 3 жеңил унаа турат. Жеринде тамак-аш берүү, жылынуучу жай жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ жалпы 17 чатыр тиккен, – деп билдирди министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов.

Чек арадан казак тарапка өтүү 10-октябрда татаалдаган болчу. Соңку күндөрү жалпысынан 500-600гө чейин унаа топтолгон учурлар болгон.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары учурда “Ак-Тилек” бекетинде турат. Алардын айтымында, күнүнө чек арадан 100дөй унаа өтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: