Menu

Алтынбектин айтканы ачуу чындык болду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштап өкмөт алып келген келерки жылдын бюджетин бекитти. Республикалык бюджеттин кирешеси 140 млрд 882 млн сом, чыгашасы 161 млрд 149 млн сом деп пландаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом болуп калды. 2019–2020-жылдарга божомолдонгон бюджет тартыштыгы да быйылкы жылдан такыр айырмаланбай калды. Маселен, 2019-жылга болжонгон бюджет долбоорунда киреше 142 млрд 129 млн сом, чыгаша 162 млрд 339 млн сом, тартыштык 20 млрд 209 млн сом деп жактырылды. “Бир Бол” фракциясынын лидери Өкмөттүн мындай кадамын катуу сынга алган. Ал “Коёндой окшош тартыштыгы бар бюджет менен кантип өсүп жатабыз деп айта алабыз? Тышкы карызыбызды төлөй турган сумма өсүп жатат. Өкмөттүн тартыштыкты азайтуу боюнча позициясы барбы? Биз артка кетип жаткан турбайбызбы” деп күйгөн. Чындыгында өкмөт өсүп жатабыз деп элге тил эмизе бербей, кирешени көбөйтүп, тартыштыкты кыскартуунун үстүндө иштесе жакшы болмок.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: