Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны алдындагы Окуу-маалымат борбору «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренингин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери жана журналисттерине уюштурду.
Окутуу иштери боюнча маселе КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жамаатынын жолугушуусунда комиссиянын төрагасы Э.Эрматов тарабынан сунушталган. Эки тараптуу макулдашуудан соң окууну каалаган кызматкерлерден эки топ түзүлүп, биринчи топ үчүн алгачкы окуу иштери бүгүн 18-мартта башталды.
Эки күндүк семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелери, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, термин маселелери ж.б. журналистика үчүн олуттуу болгон жагдайлар боюнча маалымат алышууда. Окуу иштери пикир алышуу менен коштолуп, жандуу жана кызыктуу өтүүдө. Ушул эле программа менен журналисттерге арналган семинар-тренингдер улантылмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ