Кечээ, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновду баш коргоо чарасы каралып, сыртынан 48 сааттын ичинде камакка алуу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты. Азыркы учурда Илмияновдун кайда экендиги белгисиз, бирок эгер ал кармалса, камакка алынат, деп айтылган маалыматта.
Маалыматтарга ылайык, Икрамжан Илмиянов президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда бир бизнесменден 150 миң доллар пара алгандыгына байланыштуу ага карата “жемкорлук” беренеси боюнча кылмыш иши Улуттук коопсуздук комитети тарабынан козголгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ