Menu

Фото – “Шоопур” каймана аты бар Икрамжан Илмиянов Россиядан кармалып, Бишкекке жеткирилди

Бөлүшүү:

“Шоопур” каймана аты бар Атамбаевдин желдети Икрамжан Илмиянов кечээ Россиядан кармалып, бүгүн, 19-октябрда Москва-Бишкек каттамы менен Бишкекке жеткирилди. Бул маалыматты КР УКМКнын басма сөз кызматы да тастыктады.

Икрамжан Илмиянов кезегинде Туйгуналы Абдраимовдун шоопуру болуп жүрүп, кийин Алмаз Атамбаев дос катары андан “жакшы шоопур таап берчи” деп суранганда өз шоопурун бере койгон. Илмиянов Атамбаевдин үмүтүн актап ага жакшы шоопур болуп берген. Саясатчылар Жусупжан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров күбө болгон окуя боюнча эскерүүлөрүндө туалетке мас абалында кирип, өз “дасмиясына” жыгылып уктап калган Атамбаевдин артын жууп тазалаганы менен белгилүү. 2010-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Атамбаев бийликке жетери менен шоопурун мамлекеттик жооптуу кызматтарга көтөрүп, коомчулуктун ачуу сынына кабылган. Саясатчы Өмүрбек Суваналиев Атамбаевди өз атын сенатор кылып дайындаган император Калигулага теңеген жана эгер Ички иштер министрлигине кызматка келсе эң биринчи болуп “Шоопурду” камакка аларын айтып, гезиттерге интервью берген.

2010-2017-жылдарда КР Премьер-министринин жардамчысы, КР Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, биринчи орун басары, КР Президентинин кеңешчиси кызматтарында иштеп туруп, көптөгөн рейдерлик, коррупциялык чуулгандуу иштерде аты аталып келген.

Биздин жеке булактардын билдирүүсүндө Икрамжан Илмиянов бул жолу рейдерлик кылмышка шектелип, кармалган Рустам Мамановдун иши боюнча 150 миң доллар пара алды деп айыпталып кармалды.

Рустам Маманов кытай бизнесменинин Бишкекке салып жаткан 12 кабаттуу үйүн мыйзамсыз, рейдерлик жол менен өз менчигине тартып алган деп айыпталууда.

Бирок, бийлик мындан башка да Икрамжан Илмияновго бир нече кылмыш иштерин даярдап жатканы айтылууда.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: