Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулганын шаардын вице-мэри Алишер Табалдиев билдирди. Жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.
Байкоочу камералар орнотулган көчөлөр:
— Шаардын батыш тарабындагы айлампага — 5 камера;
— Автобекетке — 2;
— Абдрахманов/Тоголок Молдо көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Калдыбаев көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Токтосунов көчөлөрүнө — 2;
— Абдрахманов/Каралаев көчөлөрүнө — 2,
— Мэрияда — 1;
— Тоголок Молдо/Тыныстанов, Калдыбаев/Тыныстанов, Аманбаев/Сары-Булак, Аманбаев/Тоголок Молдо, Аманбаев/Ананьево көчөлөрүнө, №4 мектептин алдында, Ала-Тоо базарында, буга кошумча стратегиялык объект болгон “Суу түтүкчөлөр” ишканасынын суу чордондоруна 20 видео көзөмөл камерасы коюлду.
— “Толкун” эс алуу пляжына — 3;
— “Сейил” пляжына — 3 видео жабдуу орнотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ