Бүгүн, 2-март күнү Ала-Тоо аянтында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары анын боштондугун талап кылышып митинг өткөрүшүүдө.
Миңдеген адамдар катышкан митинг түштө башталып, азыркыга чейин аяктай элек.
Митингди уюштуруучулардын бири Бакай Кашкарбаев коюла турган талаптардын саны 20га жеткенин айтып, негизгилерин санап берген. Алар:
-Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;
-Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;
-Насыяларды жеткиликтүү кылуу;
-Чек ара маселесин чечүү;
-Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.
Бакай Кашкарбаев эгерде Садыр Жапаров бошотулбаса, анда алар күнү-түнү турушарын айткан.
Митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду көрмөйүнчө үйлөрүнө кетпей турганын айтышууда. Муну менен бирге чогулгандар Жогорку Кеңештен бир дагы депутат чыгып, эл менен жолукпаганын айышып, нааразы болушту.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ