Menu

Видео – Рыскелди Момбеков, КСДПчы депутат: “Мен калыстыктан тайбаган, чыныгы генералдар Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункуловдор менен чоогу чай ичип олтурганыма сыймыктанам”

Бөлүшүү:

“Молдомуса Коңгайтиев жана Нурлан Турсункулов менен чай ичип, конокто чоогу олтурганымды мен танбайм, мен аны чанбайм. Мен тескерисинче алар менен чоогу олтурганымды сыймыктануу менен айта алам”, – деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков анын Бакиев учурундагы генералдар Коңгайтиев жана Турсункулов менен чоогу эс алганын “эки жүздүү” деп сындаган оппоненттерине жооп берип.

“Азыркы Ички иштер министрлигиндеги кайсы гана сотрудникти кармап сураба, 90% Коңгайтиев жөнүндө жакшы кепти айтат. Башкы прокуратурада иштеген кайсы гана кызматкерден сураба 99% Нурлан Турсункуловду мыкты жетекчи деп айтат. Чекесинен сурап көргүлө. Эң ириде алардын ким менен иштегенинде эмес, кандай иштегенинде… Кайсы мезгилде, кайсы жакта болгондугунда эмес, алар карапайым элдин арасында калганында. Алардын калыстыктан тайбаганында. Алардын ар-намысында, алардын абийиринде. Бир нерсе айтам, мен ошол эки генерал менен олтуруп чай ичкениме сыймыктанам. Алар анткени чыныгы жүзүн көргөздү. Президенттик шайлоодон кийин Алмаз Атамбаев (Молдомуса Коңгайтиевди) чакырып, өз колу менен белек бергенин Сыргак Абдылдаев билбесе керек да. Анда Атамбаев менден өткөн эки жүздүү болуп калат экен да”, – деди Рыскелди Момбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: