Menu

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын палаталар жана товардык биржалар Союзунун президенти менен жолукту

Бөлүшүү:

10-июлда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын палаталар жана товардык биржалар Союзунун Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

Аталган жолугушуунун алкагында тараптар соода-экономикалык жана инвестиция тармактарындагы кызматташууну талкуулады.

Тараптар 17-18-июлда өтүүчү Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 9-отурумунун алкагында түрк бизнесмендерин Кыргызстандагы инвестициялык акыбал жана кыргыз мамлекеттик-жеке менчик партнерлук проектери боюнча маалымат берүү үчүн тегерек үстөл уюштурууну макулдашышты.

Элчи Кубанычбек Омуралиев Р.Хисаржыклыоглуга «Ыссык-Көл 2019» Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Агенттигинин чакыруу катын берди. Президент Р.Хисаржыклыоглу аталган форумга катышууга даярдыгын билдирди жана ТОББ Кыргыз Республикасына түрк бизнесмендеринен турган делегацияны жибереерин белгиледи.

Мындан тышкары тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековтин ү.ж. 4-бөлүгүндө өтүүчү расмий сапарынын алгакында Бизнес-форум уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат иретинде: Түркиянын палаталар жана товардык биржалар Союзу өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк органдарда жеке сектордун кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бей өкмөттүк уюм. Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык Түркиянын палаталарында жана биржаларында мүчө болуу бул милдет.

Учурда 365 аймактык соода, өнөр-жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары ТОББнын мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн. ашык түрк компаниялары иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: