Menu

Жашоо кандай, йа?

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү жети обулустун бирин ким башкарат? Ким болмогеле, Такебиз башкарыватат. Тойус, Таалайвек Сарбашып башкарып келет. Качантан бери? Мурдагы ачендик Жээнбекүп кеткенден бери. Тактап айтканда, бир жарым жылдай болуп калды. Кандай башкарыватат? Үнсүз-сөзсүз, чуру-чуусуз башкарып келет. Ийгиликтер барбы? Жок деп ким айтты саган! Ага чейин да болгон. Андан кийин да болот го деп ишенип турубуз. Уучубуз куремес биздин. Уучуңарда эмне бар, эгер секирет болбосо? Алыбетте, секирет. Илибой кишигеле айта бермек белек. Балким силер биздин ордубузга кызыгып, акмалап жүргөн эмелер чыгарсыңар! Эмнелер? Каррупсионерлер, апей, канкуренттер! Канкуренттен коркосуңарбы? Бир жарым жыл жылбай отуруп араң жылыткан талпагыңды бирөөлөр тарткылаватса, кантип коркпойсуң, йа! Жер титирегендей болуватса, быякта… Каякта титиреватат? Быякта, кабинетте титиреватат! Иштетпейтят! Иттей увара кылыватат, ой. Ушундайлардын айынан иш жүрбөйтат. Өйдө жактагылар кыйгач көз менен карайт, иш качан болот деп. Болот да эми. Жаңыле келип отурдук го өзү. Келээр мененле иш жүрүп кетпейт да. Адегенде жылытыш керек, андан кийин жибитиш керек, ушалаш керек. Анан, барып-барып иш жылат ордунан. Каякка жылат? Алга жылат да. Алга жылбаса артка
жылат. Такыр болбосо, капталга деле жыла берет. Ишигылып, жылат урган жылгалар толтура. Чөбүн чаап бүтүралбайсың. Боолап бүталбайсың. Иш бүтпөйт дечи? Эч убакта бүтпөйт! Башталалек жатып бүтпөйт! Креслодогу жашоо ушундай, достум!..

Сокбилек

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: