Menu

Төрөбаевдин Кремлге учканы кабарланууда

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү президенттикке аттанган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин Кремлдеги таасирдүү адамдардын чакыруусу менен Москвада жүргөнү каңкууланууда. Туура бир ай мурун Путиндин кеңешчиси Асламбек Аслаханов Кыргызстанга келип, дал ушул Бакыт Төрөбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп кеткенин эске алсак, бул сапар жөн жерден уюштурулбаганын баамдайбызбы? Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Төрөбаевдин бул жолку сапарында Россиянын жогорку деңгээлдеги жетекчилиги менен жолугушуу болору күбүр-шыбыр кепке айланды. Муну менен расмий Кремлдин президенттикке аттанган талапкерлердин ичинен Төрөбаевге көзү түшүп жатканы катары кабылдайбызбы? Эгер Россиядан чындап колдоо болуп, түштүктүн Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, КамчыбекТашиев баштаган салмактуу саясатчылары шайлоодо өз тарапкерлери менен каарманыбызды колдоого алышса, Төрөбаевдин мүмкүнчүлүгү баарынан жогору болорун булардын ашынган душмандары да тана албаса керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: