Кечээ, 15-августта талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлер Иманкулов Марат, Болтуруков Омурбек, Абышев Аскарбек жана Абыкулов Советбек сынак тапшырган. Алардын ичинен М.Иманкулов 86,15 балл, О.Болтуруков 87,21 балл топтоо менен сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал эми А.Абышев 54,46 балл жана С.Абыкулов 43,53 балл менен тиешелүү балл топтой алышкан жок. Буга байланыштуу, аларга сертификат эмес, канча балл топтогондугун билдирген маалым кат гана тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ