Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду тосуп алууда жергиликтүү “Апалар” ансамбли кетирген кичинекей катачылыктын айынан Хуросон районунун аялдар жана үй-бүлө бөлүмүнүн жетекчиси кызматынан кол жууду.
Мамлекет башчыны дойранын (урма музыкалык инструмент) ритмдери менен стадиондун кире беришинде тосуп алуу керек болчу. Бирок “Апалар” тобу ыргактан чыгып кетишкендиктен, президент кабагын түйүп жактырган эмес.
Өлкө башчынын маанайынын чөгүшүнө аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча бөлүмдүн жетекчисин күнөөлөштү. Зиёда Саломова ансамблдин катачылыгынан улам иштен айрылганын тастыктады. Ал бул алешемдик үчүн чыгармачыл топтун жетекчилиги жоопкер болуш керек эле деп эсептейт.
Тажикстанда мамлекет башчынын аймактардагы сапарларына өтө олуттуу жана кылдат мамиле жасалат. Жергиликтүү аткаминерлер алдын ал эл менен “иштешет”. Артисттердин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда театрлаштырылган оюн-зооктор даярдалат. Жолугушуу алдында баары Улут лидерин колдорун жүрөгүнө коюп тосуп алуулары зарыл.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ