Ажо жарыш бир топторду уйкудан ойготуп, айрымдарды алдын ала төлгөчү да кылып жиберүүдө. Эчтеке боло электе арабанын алдына түшүп алып, чуркагандар да бар. Айталы, Өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев алдыдагы президенттик шайлоого эмитен катуу даярданып, ал жарышта Темир Сариевди сүрөөнгө алганы жатканы айтылууда. Мейли кимди болбосун колдоого алсын, ага каршылыгыбыз жок, бирок принцип деген болуш керек да. Эгер мамлекеттик командада биргеликте иш алып бара албаса, кызматын тапшырып коюп, каалаганын колдоп, чуркай бербейби?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ