Буга чейин үч-төрт курдай президенттик шайлоого чыга турганын шардана кылып, өзүнчө кыйынсынып келген Чыке сууга түшкөн келемиштей болуп, шөмтүрөп чыга келгенин көргөндөр көчүгү менен күлүштү. Негизи күчтүү саясатчы айткан сөзүнө турат, беттегенинен кайтпайт эмеспи. Ал эми Чыныбай Турсунбеков орто жолдон ойноп, президент Алмазбек Атамбаевден жүрөгү үшүп, мукактана айткан сөздөрүн жыйыштырууга аргасыз болду. Негизи коммерсанттар соодалашып, буйтактап жүрүшкөнү жалганбы? Дал ошол образды Чыныбай далилдеп, өзүнүн соодагерлик жүзүн бүт Кыргызстанга ашкерелеп, ит болгону ушулбу? Баштагандан кийин аягына чыга албаса, анын кайсы баалуулуктарына жылынабыз?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ