Menu

Таланты бир пайыз болсо, токсон тогузу кайда?

Бөлүшүү:

Илгээри, илгээри кыргызда болгону эки гана дарт бар кезде – ысык, суук пилус састумоо деген. Ошол кездеги табыптар эмне иш кылып жүргөнү алигүнчө табышмак бизге. Жатывалып эле акча таап журушуптур да, көрсө. Азыркы заманды айтпайсыңбы, ей!..

Мына, акыркыле эпидемиялары айталы – куштумоо, чочкотумоо, каратумоо, дагы эмне деген тумоолор каптады дүйнөнү. Ошондой тумоолорго каршы алыскы Түркиядан арбын акча таап жүргөн жердешибиз Такени алдырып келишти, мекенге кызмат кылсын. Тактап
айтсак, Талант Батыралиев дегенди балтага сап кылалы деп алдырып келишти. Ага чейин Түркияда чоочун жамбаштарга ийне сайып, оокатын жасап жүргөн болчу.

Эми, Талант догдурду мен алып келип министир кылдым деп айталбайм. Ажо өзү барып алып келди деп да айталбайм- Ким алып келсе да туура кылыптыр. Ушунча жыл иштеп, убакытты бекер кетирген жок. Башкасын айтпасам да, убадаларды кабат-кабат кылып бергенин айта кетейин. Буга чейин иштегендер деле убада беришкен- бирок да алардыкы Тикештин берген убадаларынын астында чыпооку болуп калаткен. Такебиз берген убаданын калыңдыгы жана көлөмү ушунчалык экен дейт көргөн-билгндер кычыраган кышта бир ыптасын астыңа салынсаң экинчи ыптасы үстүңө жамынганга кенен жететкен. Чүчкүрбөй, бышкырбай таңды атырасың дейт. Астыңан таш өтпөйт дейт. Чүмкөнүп жатсаң, сырттан айтылган сын кулакка жетпейт дейт. Кыйкырса да, өкүрсө да, ыйласа да, эти ызып кырк гырадус болсо да билинбейт дейт. Ушундай дейт. Ушунакай маалыматтар барекен. Канчасы калп, канчасы чын экенин ким билсин, ишигылып Такебиз жөнүндө ар кайсы жердин тулаң чөбү күн сайын жапырылып, кайра түзөлүмүш болууда. Мындай маалыматты министирликке жаңы келгенде өлкөдөгү медицинаны үлкөн «ирепорма» жасап «зыңк!» кылам деген Т.Батыралиев өзү эле төгүндөп же тастыктабаса, анда кийинки келе турган министир өшөнтүшү мүмкүн. Ага жеткизбей желаргыны токтотот го деп биз турабыз кезек күтүп майышып, эшиктин сыртында күрс-күрс жөтөлүп…

Кимбайке

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: