Menu

Видео – Рыскелди Момбеков: “Баткендин губернаторуна эле вице-премьер-министр статусун берели”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-февраль күнү Жогорку Кеңеште Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровду сунуштап, депутаттардан колдоп берүүнү суранды.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков премьер-министрге кайрылып: “Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңеш Разаков төрт жыл вице-премьер-министр болду. Бирок төрт метр жерди чечпей кетти. Кетип жатканда дага жөн кетпей, урматтуу президентибизди жана сизди сөз кылып кетти” – деп, Жеңиш Разаковдун кызматтан кеткенден кийин ММКларга берген комментарийин окуп берди.

Рыскелди Момбеков вице-премьер-министрликке дагы бир Баткендин губернаторун алып келип жатканын айтып, Баткендин губернаторуна эле вице-премьер статусу берилсин деди.

“Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты жигит бар. Министр, чекист, чечен. Мунуңуз деле мал доктур экен го. Анан ара-чолодо аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы?” – деп премьер-министрге кайрылды.

Премьер-министр: “Баткендин губернаторуна вице-премьер-министрлик макамын бергенде, Өзбекстанда дагы маселе бар да. Анда Ош менен Жалал-Абад облусунун башчыларына дагы вице-премьер-министрлик статусун бериш керек болуп калат. Башка мамлекеттер менен деле аягына чыга элек маселелер бар. Мындан тышкары чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өркүндөтүү боюнча социалдык маселелер бар. Булардын баарын Баткен облусунда отуруп чече албайт” – деп жооп берди.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: