Menu

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 млн доллар бөлүндү

Бөлүшүү:

Азиялык өнүгүү банкы менен Кыргызстандын өкмөтү жабдыгы эскирген Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугун көтөрүү үчүн 100 млн долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Азиялык өнүгүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, келишимге кыргыз тараптан Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана банк тараптан башкаруучу Кэндис МакДэйган кол койгон.

“60 млн долларлык кредит жана 40 млн долларлык грант түрүндөгү жардам Кыргызстандын энергетикалык жактан өзүн-өзү камсыз кылуусун бекемдейт, биздин оюбузча, жумуштар соңуна чыккандан кийин Үч-Коргон ГЭСи 20%га көп электр энергиясын өндүрө баштайт”, – дейт К.МакДэйган.

Бул ГЭС боюнча учкай маалымат бере кетсек, ал Бишкектен 271 км аралыкта түштүк-батышта жайгашкан. Ал 1962-жылы ишке киргизилип, ошондон бери жарытылуу оңдоо-түздөө иштери жүргөн эмес. Нарын каскадындагы гидроэлектрстанциялардын локомотиви болуп эсептелет. Анын алты станциясы өлкөдө чыккан электрэнергиясынын 92%ын камсыз кылып калат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: