Бабановдун партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, андан кийин “Альфа-Телекомго” Башкы директор болгон жаш жетекчи Акылбек Жамангулов качкын Бабановдун кайтып келишине катуу сүйүнгөндөрдүн бири болду. Ал Бабанов келген учурда башка иштерин жыйыштырып коюп, аны менен кызуу кепке кирип, кенен чайлашып, сагынычын таратканын көргөндөр кеп кылууда. Негизи тажрыйбасы аз жаш жетекчиге мамлекет кызыкчылыгынан Бабановдун кызыкчылыгы жогору турат окшобойбу. Чынында бабановчулар чоң саясатта мамлекет кызыкчылыгына эмес, Бабанов кызыкчылыгына иштейт көрүнөт. Бул маселе чыккынчылыкка жатпайбы? Себеби, Бабановго бир эмес, эки оор кылмыш иши козголгон. Ал кылмышка шектүү, кооптуу адам. Байлыгына таянып, кыраакылыгы жок жол башчы Жээнбековдун тилин таап, жеңишке жетип турат. Айтор, арты жакшы болбос…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ