12 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Чүй ОИИББ билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 1-ноябрда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда болгон. Ошол күнұ РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө окуучу каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып териштирсе, Дмитриевка айылында К.Н. аттуу 12 жаштагы окуучу болуп чыккан. Алар окуучунун асынып алганын аныкташкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ