COVID-19 илдетинен улам акыркы учурда түзүлгөн кырдаалга жараша Жалал-Абад областынын аймагында милиция тарабынан бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Сузак РИИБи тарабынан түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде жарандар көп топтолгон коомдук жайлар текшерүүгө алынды. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, соода борборлорунда жана базарларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.
Милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасына орнотулган үн чыгаруучу каражаттар аркылуу жарандарга санитардык нормаларды сактоо эрежелери жеткирилди.
Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына адам ташууда бет кабы жокторду автоунаага чыгарбоо керектиги эскертилди. Айдоочулар өздөрү да жеке гигиенаны сактоо, медициналык каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле милиция кызматкерлери атуулдарды жөнү жок көчөгө чыкпоого чакырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ