Menu

Эки машинанын ортосунда кыпчылып калган адам ооруканага жетпей каза болду

Бөлүшүү:

Жумгал районундагы Кара-Кечеде эки машинанын ортосунда чыпчылып калган киши каза болду. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда билдирди.

Алардын айтымында, кырсык кечээ, 15-ноябрда болгон. Болжол менен саат 17:00до Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө окуя боюнча маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милициялар кырсыктын чоо-жайын тактаган. Күбөлөрдүн айтымында, эки “КамАЗды” айдап бараткан айдоочуларга А.уулу Б жол көрсөтөм деп машиналардын ортосунан өтұп баратып, чыга албай, кыпчылып калган. Аны кыпчып алган эки машинанын айдоочу чаңдан көрбөй калгандарын айтышкан.

Жабырлануучу Жумгал райондук аймактык ооруканасына жетпей, жолдон көз жумган. Анын сөөгү аталган оорукананын өлүкканасына (моргго) тапшырылган. Маркумдун туугандары эч кимге доо-арызы жоктугун айтып, экспертизага берүүдөн баш тартып, сөөгұн алып кетишкен. Маркум А.у. Б. 30 жашта болгон. Анын артында жубайы үч баласы менен калган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: