Menu

Өзбекстанда “Ахмадбайга” акыркы сөз берилет

Бөлүшүү:

Бүгүн Ташкенттеги облустук сотто эл арасында “Ахмадбай” аты менен таанымал ишкер Ахмад Турсунбаевге акыркы сөз берилет. Өзбекстандагы ири каржы пирамидасынын түзүүчүсүнө карата өкүм 19-февралда чыгат.

Турсунбаев адамдардын ишенимине кирип, 100-200 пайыздык үстөк менен кайтарып берүүнү убада кылып, алардан акча жана мүлктөрдү алып келген.

Чиноз районунун тургуну, 39 жаштагы Ахмад Турсунбаев “каржы пирамидасынын түзгөн” деген айып менен былтыр 15-июнда камакка алынган. Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу” өңдүү айыптар тагылган.

Турсунбаевдин кеңсеси менен үйүн тинткенде эки оор жүк ташуучу автоунаага баткыдай акча чыккан. Банкта “Ахмадбайдын” акчасын 40 кызматкер түн ортосуна чейин санап отурганы, жалпысынан 40 миллиард өзбек суму менен эки миллиондон ашуун доллар чыкканы кабарланган.

Быйыл 31-январда “Өзбекстан 24” Ахмадбай Турсунбаев алдап алган 105 автоунаа ээлерине кайтарылганы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: