Menu

Орусияда камалган казакстандыктын консул менен жолугушуусуна уруксат бериле элек

Бөлүшүү:

Казакстан өткөн айда Орусия бийлиги тарабынан «террордук топтун ишине катышкан» деген айып менен кармалган активист Виктор Филинковдун жарандыгын ырастады.

13-февралда Казакстандын Орусиядагы элчилиги 1994-жылы туулган казак жараны Виктор Филинков 25-январда кармалганын, учурда Петербургдагы №3 тергөө абагында камакта экенин билдирди.

«Башкы консулдук Виктор Филинковдун мыйзамдуу укуктарын коргоо жана консулдук-укуктук жардам берүү үчүн аны менен жолугушуу уюштуруу өтүнүчү менен Орусия ТИМинин Петербургдагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Азырынча орус бийлигинен жооп келе элек. Бул багытта иштер уланууда», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин маалымат каражаттары Флинковдун жубайына таянуу менен ал 23-январда Киевге учуу үчүн «Пулково» аэропортуна баратканда жоголуп кеткенин жазышкан.

Филинков түрмөгө барган Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрүнө аэропортто кармалгандан кийин кыйноого алынганын айткан. Комиссиянын документтерине ылайык, Филинковдун денесинде электрошокерден калган күйүктүн издери табылган. Айыпталуучунун айтымында, аны ФСБнын кызматкерлери жана беткапчан адамдар токойго алып барышып, тагылган айыптарды моюнга алышын талап кылып кыйнашкан.

25-январда Санкт-Петербург соту Филинковду 23-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал белгисиз адамдар менен бирге «террордук ишмердүүлүк жана пропаганда менен алектенүүнү, ошондой эле терроризди актоо жана колдоону» максат кылган топ түзүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: