Анын айтымында, чек арадан өткөн товарлардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдеги милдеттерди аткаруу үчүн үч өткөрмө бекеттеги бажы кызматын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалууда.
«Аны менен катар болжол менен 124 киши иштей турган «Сырдарыя» жана «Целинный» деген эки жаңы өткөрмө бекет ачылат», — деди Султанов өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып.
Андан тышкары министр башка бир катар өткөрмө бекеттердеги кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ