Menu

Базар-Коргон айылында калкка таза суу чыгарылып берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-декабрда Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Төрөкожо Сайдуллаев көчөсүндөгү 1500 метр аралыкка таза суу чыгарып берүүчү түтүктөр тартылып, 200гө жакын кожолукка ичүүчү таза суу чыгарылып берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Базар-Коргон айылына таза суу чыгаруу долбоорунун ийгиликтүү турмушка ащырылгандыгына байланышкан салтанттуу иш-чарага Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит мырза, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ага Хан өнүктүрүү фондунун дипломатиялык өкүлү, доктор  Шамс Кассим-Лакха жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү жамааттар менен жашоочулар катышты.

— Базар-Коргон айыл аймагындагы Төрөкожо Сайдуллаев көчөсүнүн жашоочуларына таза суу чыгаруу долбоорун ийгиликтүү турмушка ашырууга көмөгүн кошкондорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан куттуктаймын. Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында Т. Сайдуллаев көчөсүндөгү 1500 метр аралык таза суу чыгаруучу түтүктөр тартылып, 200 кожолук элдин үйлөрүнө таза суу түтүктөрү киргизилди.

Аталган долбоорду ийгиликтүү турмушка ашырууга жалпысынан 2 млн. 238 194 сом каражат сарпталды. Ушул долбоордун алкагында Базар-Коргон айылындагы негизги таза суу трубасы толугу менен алмаштырылды. Ага ылайык Базар-Коргон айыл аймагынын Ак Тайлак Ата участкасында жашаган 7800 адам эми таза суу менен жетиштүү камсыздалат. Бул долбоордун курулуш-монтаждоо жумуштарын “Вавилон Маркет” жоопкерчилиги чектелген коомдун жумушчулары сапаттуу аткарышты.

Жалал-Абад областынын аймагында калкты таза суу менен камсыздоо боюнча Европалык реконструкциялоо Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда Жалал-Абад шаарында ичүүчү таза суу канализация системасын реаблитациялоо боюнча 8,2 млн. евролук долбоор ишке ашырылууда. Ушул эле банктын каржылоосунда Майлуу-Суу шаарында ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн 5,2 млн. евролук, токтогул шаарчасында 5,2 млн. евролук долбоорлор башталып жатат. Мындан сырткары Ислам өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда областтын 24 айылын таза суу менен камсыздоо максатында 1 млрд. сомдук долбоордун башталышы күтүлүүдө. Учурда Жалал-Абад областынын аймагындагы 401 калкттуу айылдардын ичинен 222 айыл таза суу менен камсыздалган. Жогорудагы долбоорлорду ийгиликтүү турмушка ашыруунун аркасында 2023-жылга чейин калган айылдардагы калкты толук ичүүчү суу менен камсыздоого жетишилет,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

— Сиздердин айылыңыздарга таза суу чыгаруу долбоорунун ийгиликтүү жүзөгө ашкандыгына байланыштуу Улуу Британия Өкмөтүнүн атынан ыраазычылыгымды билдиремин. Кыргызстандын кооз жерлери мени аябай таңдантты жана суктандырды. Бирок, ошол эле мезгилде мөңгү сууларынын мол экендигине Кыргызстанда карабай таза суунун таңкыстыгы мени абдан өкүнтөт. Жеригиликтүү бийлик менен жамааттардын кызматташтыгына абдан ыраазымын. Улуу Британия Өкмөтү келечекте дагы ушундай долбоорлорго ар тараптуу колдоосун көрсөтүүнү  уланта берет,- деди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орт-Смит мырза.

— Кыргыз элинде “Суу – өмүр булагы”  деген жакшы сөз бар. Улуу Британияда өткөн кылымдын 30-40 жылдарында калкты таза суу менен камсыз кылууга катуу көңүл бурулган. Анын натыйжасында бүгүнкү күндө Улуу Британияда калктын таза сууга болгон муктаждыгы толук камсыз кылынгандыктан оорулар менен өлүмдөр дээрлик 40 пайызга азайды. Учурда Ага Хан өнүктүрүү уюму дүйнөнүн 30 өлкөсүндө кызматташтык багытында иш алып барууда. Ал эми Кыргызстанда иш алып барып жаткандыгыбызга быйыл 16 жылдын жүзү болду,- деди Ага Хан өнүктүрүү фондунун өкүлү, доктор Шамс Кассим-Лакха.

     Базар-Коргон айыл аймагында азыркы күндө 38619 калк, же 25 улуттар менен этностордун өкүлдөрү ынтымактуу эриш-арака жашап келе жатышат. Базар-Коргон айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Тарыхчиев жана Базар-Коргон райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айгүл Бекташева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисине жана Ага Хан фондунун өкүлүнө элге таза суу чыгарып берүү долбоорун ийгиликтүү турмушка ашырууга кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: