Бүгүн, 22-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде коронавирус жуктуруп алган ЖКнын депутаттарынын атын атоодон баш тартты.
“ПЧР-тест тапшырган депутаттардын арасынан жыйынтыктары оң чыккандары барбы?” – деп журналисттер суроо узатышкан.
Сабиржан Абдикаримов “бар” деп жооп берди.
Ооруга чалдыккан депутаттардын ысымдарын айтууга болобу деген суроого министр “жок” деп жооп кайтарды.
Белгилей кетсек, буга чейин “Кыргызстан” фракцмясынан ЖКнын депутат Бейшенаалы Еурдиновдон коронавирус инфекциясы аныкталганы белгилүү болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ